Гимн Киргизской ССР Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик Гимни

Исполнитель: Гимн Киргизской ССР Длительность: 03:40 Размер: 5.05 МБ Качество: 192 kbit/sec Формат: mp3
Ну как песня, понравилась? Поделись с друзьями!

Текст песни "Гимн Киргизской ССР — Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик Гимни"

Азаттыкты кыргыз эңсеп турганда,
Ала-Тоого Октябрдын таңы аткан.
Улуу орус достук менен кол берип,
Ленин бизге бак-таалайга жол ачкан.

Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колунда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда.

Эмгек, эрдик, күрөштөрдө такшалтып,
Таалай берген улуу совет калкыга,
Жеңиштерден жеңиштерге алпарат,
Элдин күчү — лениндик партия.

Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колунда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда.

Эл достугун болоттон бек ширетип,
Көп улуттан Союз курдук урагыс.
Жандай сүйүп даңктуу Ата-Мекенди,
Түбөлүккө коммунизм курабыз.

Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колунда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда.

Еще песни Гимн Киргизской ССР

0:00 0:00

Заголовок проигрывателя Подзаголовок проигрывателя

(режим воспроизведения)