Гулнур Сатылганова Эмне чындык

Исполнитель: Гулнур Сатылганова Длительность: 05:23 Размер: 7.42 МБ Качество: 192 kbit/sec Формат: mp3
Ну как песня, понравилась? Поделись с друзьями!

Текст песни "Гулнур Сатылганова — Эмне чындык"

Сөзү: Эсенгул Ибраевдики
Обону: Аксубай Атабаевдики
Жашоодо эмне чындык, эмне жалган?
Мээнетсиз жеңил жеткен бакыт жалган.
Убайын көрөр кезде умсундуруп,
Учуңдан кумдай чууруп түшүп калган.
Байлык, байлык жалган,
Бакыт, бакыт жалган.
Арман, ий, арман, арман,
Дүйнөдө эмне чындык, эмне жалган?

Өмүрдө эмне чындык, эмне жалган?
Жадырап жаздай келген жаштык жалган.
Баарына сунган колуң жетеринде,
Балынан аз таттырып тартып алган.
Жаштык, жаштык жалган,
Шаттык, шаттык жалган.
Аттиң, ай, арман, арман,
Бул дүйнө неге жалган, арман.

Турмушта эмне чындык, эмне жалган?
Күргүштөп өтүп жаткан өмүр жалган.
Бирөөнө алжыганча жашоо берсе,
Бирөөнө күлгүн кезде күйүт салган.
Өмүр, өмүр жалган,
Көңүл, көңүл жалган.
Арман, ий, арман, арман,
Дүйнөдө эмне чындык, эмне жалган?

Тагдырда эмне чындык, эмне жалган?
Бул собол бүтпөс суроо, бүтпөс арман.
Ханың ким, кайырчың ким, эч ылгабас,
Бир гана өлүм чындык, өңгө жалган.
Жашоо, жашоо жалган,
Өмүр, өмүр жалган.
Арман, ий, арман, арман,
Бир гана өлөрүң чын ушул арман!
Арман, ий, арман, арман,
Бир гана өтөрүң чын ушул арман!

Еще песни Гулнур Сатылганова

0:00 0:00

Заголовок проигрывателя Подзаголовок проигрывателя

(режим воспроизведения)