Дайыр Исмадияров Досторум

Исполнитель: Дайыр Исмадияров Длительность: 04:30 Размер: 4.13 МБ Качество: 128 kbit/sec Формат: mp3
Ну как песня, понравилась? Поделись с друзьями!

Текст песни "Дайыр Исмадияров — Досторум"

Досторумду капа кылып албайын,
Досторума бир сап ырды арнайын.
Бирге көрүп бул жашоонун жыргалын,
Ден-соолукта жүролүчү ар дайым.

Жүрөктөрдү биз оорутуп албайлы,
Тамашаны чындай кабыл албайлы.
Бирөөлөрдүн кирип жаман тилине,
Досторум эй, жүз карашпай калбайлы.

Кайырма:

Эй, досторум, досторум,
Жаштык гүлү соолбосун.
Жараткан соң силерди,
Кудай өзү колдосун.

Жаштык өтсө келбейт кайра кайрылып,
Калгым келбейт мен достордон айрылып.
Ойноп-күлүп өткөрөлү жаштыкты,
Калбагыдай болуп кийин кайгырып.

Жүзүңөрдөн күлкү нуру кетпесин,
Кырсык куусун, бирок, такыр жетпесин.
Арнап жазган ушул бир сап ырымды,
Ар бир досум угуп мени эстесин.

Кайырма:

Похожие песни

Еще песни Дайыр Исмадияров

0:00 0:00

Заголовок проигрывателя Подзаголовок проигрывателя

(режим воспроизведения)