Роза Аманова Өнөрдү сүйгөндөрдүн эсиндемин

Исполнитель: Роза Аманова Длительность: 03:23 Размер: 3.11 МБ Качество: 128 kbit/sec Формат: mp3
Ну как песня, понравилась? Поделись с друзьями!

Текст песни "Роза Аманова — Өнөрдү сүйгөндөрдүн эсиндемин"

Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Өнөрдүн өргө жолу али узак
Өнөрдү сүйгөндөрдүн эсиндемин

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Буудан ат тоодо чабар кезим менин.
Бааласын, баалабасын кай бирөөлөр,
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып капаланба, сезимдерим,
Талпынып канат күүлөөр кезим менин.
Кааласын, каалабасын башка бирөөлөр,
Кадырым билгендердин эсиндемин.
Кааласын, каалабасын кай бирөөлөр,
Ак саамай энелердин,
ак калпак кыргыз элдин эсиндемин.

Еще песни Роза Аманова

0:00 0:00

Заголовок проигрывателя Подзаголовок проигрывателя

(режим воспроизведения)